Урматтуу балдар, ата-энелер жана мугалимдер!
«Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө» деген математикалык олимпиаданын экинчи туру аяктады.
Бул раунддун жыйынтыгы РMO сайтында жарыяланган.
Олимпиаданын акыркы – Республикалык туруна кимдер катыша тургандыгы кийинчерээк жашыл түс менен белгиленет.
Апелляция 22-апрелден 27-апрелге чейин белгиленген. Апелляцияга кайрылуу үчүн olimp@ndita.kg электрондук дарегине кат жазышыңыз керек.
Катта баланын фамилиясы, аты жана ID жазылуусу керек. Даттануунун себебин толук чечмелеп жазгыла. Эгерде кайрылуу олимпиадалык маселелердин жоопторуна тиешелүү болсо, анда катта маселенин шарттары жана бул маселенин кеңири чечилиши камтылууга тийиш.
Урматтоо менен, “Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө” РМОнун уюштуруу комитети.